Чек арадагы куралдуу чыр боюнча кылмыш иши козголду

Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу чыр боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Бул туурасында Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Белгилей кетсек, 12-апрелде Лейлек районундагы Селкан участкасында тажик чек арачылары чек аранын шарттуу сызыгынан өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдик менен кирип кеткен. Мындан улам кыргыз чек ара отряды асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажиктер буга жооп кылып кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Анын кесепетинен эки тараптан тең аскерлер жаракат алышкан.

Кийинчерээк тажиктер экинчи ирет ок чыгарып, Достук айылын миномёт менен атып баштаган. Саат 22:15те Тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотконун, бирок кырдаал курчуганы белгилүү болгон.

Саат 22:50дөн 23:16га чейин Тажикстан миномётту атууну токтоткону менен Баткен районундагы Радар-1 участогунда тажик тарап Кыргыз аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылаган. Ошондой эле окуя болгон жерге тажик тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды топтоп жатканы кабарланган.

Чырдын кесепетинен Кыргызстандын 6 жараны ооруканага кайрылып, алардын үчөө хирургия бөлүмүндө жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан