Бишкекте көчөдөгү жаранга физикалык күч колдонуп, тоноп кеткен жаран колго түшүрүлдү. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан белгилешкендей, жабырлануучу эки телефонун алдырткан.
Маалым болгондой, 11-апрелде шаар тургуну милицияга кайрылган. Анда 7-апрелде саат 18:40 чамасында Чүй кең көчөсү менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран күч колдонуп, эки телефонун тартып алган. Анын кесепетинен арыз ээси 25 миң сом зыянга учураган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "тоноо" менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 1998-жылы туулган Ш.Ш. кармалып, Ленин райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар, жогун тактоо иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(704) 433-666, 0(990) 102-388 же 102.