Кечээ, 26-ноябрь түнү шотландиялык “Селтик” менен италиялык “Миландын” оюнунда 0:3 эсебинде италиялыктар жеңип чыгышты. Бул оюнда 1 голду өз эсебине жазган бразилиялык Кака:“Жаңы жылга чейин “Милан” үчүн 100-голумду киргизем”,-дейт. Бул тууралуу италиялык басылмалар маалымдады.
Маалыматка ылайык, “Миландын” жарым коргоочусу Кака ушул голун эсепке алганда италиялык клуб үчүн 98-голун киргизди. “Менин эсебимде учурда 98 гол бар. Анын санын 100гө жеткирүүнүн аракетин Жаңы жылга чейинки убакытта көрөм”,- дейт футболчу.
Эске салсак, Кака “Миландык” клубдун курамына 2003-2004-сезонунда келип кошулган. 2009-жылы мадриддик “Реалга” өтүп, 4 жылдан кийин, быйыл эски клубуна кайтып келди.