Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулаган адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМга Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 7-кабатындагы терезеден 25-30 жаштардагы киши кулап түшүп каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке 5 куткаруучу тартылып, бирок окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барып жаткандыктан куткаруучулардын жардамынын кереги тийген эмес.