Кыргыз футболчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" футболдук клубунун негизги курамында оюн талаасына чыкты.
Кечээ, 14-апрелде "Галатасарай" футболдук клубу киевдик "Динамо" клубуна каршы расмий эмес кайрымдуулук беттешин өткөрдү. Бул беттеште кыргыз футболчусу 82-мүнөттө алмашууга чыкты.
Бул 16 жаштагы Бекназ Алмазбековдун "Галатасарай" командасынын негизги курамынын катарында алгачкы ирет оюн талаасына чыгышы. Буга чейин ал стамбулдук клубдун жаштар курамасында ойноп келген.