Чүйдө жеңил унаа жолдун ортосундагы бетон тосмону сүзүп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 14-апрелде Жайыл району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 54-чакырымында болгон. Анда RENO Clio үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдун ортосундагы бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1992-жылы туулган Т.А. жана 1996-жылы туулган А.Т. аттуу жаран каза болгон.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, бирок алар барганга чейин жергиликтүү тургундар маркумдардын сөөгүн чыгарып алышкан.