Кеминде турак жайдан өрт чыгып, жаш келин жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Ильич айылында турак жайдан өрт чыккан. 70 чарчы метр үйдүн 2 бөлмөсү жана чатыры толугу менен күйгөн.
Тилсиз жоодон 20 жаштагы Б.Ж. аттуу келин жабыркап, “Тез жардам” кызматына өткөрүп берилген.
Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан чыккан.