19-апрелден баштап Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт.
Азия чемпиондугуна 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов дагы катышат. Мындан улам анын Азия чемпиондугундагы атаандаштарын карап көрдүк.
77 килограмм салмакта Азия чемпиондугуна катыша турган балбандардын тизмеси:
1. Саджан Бханлава (Индия);
2. Ареф Хабиболлахи (Иран);
3. Кодай Сакураба (Япония);
4. Максат Ережепов (Казакстан);
5. Акжол Махмудов (Кыргызстан);
6. Ким Хён У (Түштүк Корея);
7. Сулдхуу Олонбаяр (Монголия);
8. Арам Вардянан (Өзбекстан).
Түштүк кореялык Ким Хён У 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарында чемпион аталган. Финалда ал Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиадада жеңилген венгриялык Тамаш Лёринцти жеңип алган.