УКМК: "Йакын инкарчы 8 жылдан соң экстремисттик көз караштан баш тартты"

Тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынан Таластын тургуну баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургунун радикалдык көз караштан баш тартууга жана тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынан чыгууга көндүрүшкөн.

Т.К.Ч. аттуу жаран 2014-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Йакын инкар” диний-экстремисттик уюмунун катарына кабыл алынып, тыюу салынган адабияттарды үгүттөө жана таратуу менен активдүү алектенген.

Т.К.Ч. тандап алган диний багытынын жаңылыш экенин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын “Йакын Инкар” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан