Ош облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды сатып алектенген аялдар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине Ош шаарынын аймагында “Г” аттуу аял баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында “Г” аттуу аял баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды сатып жүргөндүгү аныкталган. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 5 грамм синтетикалык баңгизаттарды сатуу аракетин жасоо учурунда 1976-жылы туулган К.Ш. жана 1983-жылы туулган Т.Н. аттуу аял кармалган.
Соттук-медициналык экспертиза табылган зат “альфа PVP” психотроптук заты экени аныкталган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.