SUPER.KG порталында бул ирет Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков менен ширин кызы Нурайым маек төрүбүздө болду. "Нурайым сүрөткө түшөм деп туфлисин аябай тандады" дейт атасы. Ырчы мырза менен балдары, жубайы, ата-энеси, чыгармачылыгы тууралуу маектештик. "Эми тик-ток тартабыз" дейт Гүлжигит Сатыбеков.
"Биз маекке келгенге чейин кечээ күнү кызым сүрөткө түшөм деп туфлисин тандап жүрдү. Үй-бүлөмдү эл көзүнө алып чыкканды жактырбайм. Качан гана жубайым, балдарым "ата, биз дагы чыгабыз" десе макул болом. Ата-энем менин концертиме келип калганда аябай сүрдөнөм, айрым учурда концертимдин баш аягын таппай калган учур дагы болгон. Замандан артта калбай эми тик-ток тартабыз", - дейт Гүлжигит Сатыбеков.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.