Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери баңги затын сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баңгизаттарды таратуу жана сатуу фактысы боюнча Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери, прапорщик К.А.Ж. жана ефрейтер Б.Н.К. кармалды. Коргоо министрлигинин жогорудагы аскер кызматкерлери бир нече убакыттан бери жарандарга Бишкек шаарынын аймагында гашиш баңги затын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп алышкандыгы аныкталган.
"Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек гарнизонунун аскердик камак жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.