Оштогу аэропорт аркылуу баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган Өзбек жарандары аныкталды

Өзбек жарандары Оштогу аэропорт аркылуу баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде Оштогу аэропортто чынжыр формасындагы сары металлды алып өтүү аракетине бөгөт коюлган. Анда Ош-Стамбул багыты боюнча учууга аракет кылып, бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда Д.С.У., A.Б.M., А.Ч.А. жана Ш.М.К. аттуу Өзбекстандын жарандарынан сары металлдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган кол чынжырчалардын салмагы 0,540 граммды түзөт.

“Белгилей кетсек, "адамдардын жеке колдонуу үчүн товарларды Бажы бирлигинин чек арасы жана аларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуунун" 2.1-пунктуна ылайык кара жана түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктарын экспорттоо же импорттоо чектөөлөргө негиз болгон товарлардын тизмесине кирет.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан