Бишкекте унаадан iphone уурдаган адамдын аракети видеокөзөмөлгө түшүп калды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Ш.А. аттуу шаар тургуну кайрылып, 23-мартта унаасынан Айфон 12 про Мах үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен адамды таап берүүнү өтүнгөн.
Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары З.Ж. аттуу 26 жаштагы адам кармалган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.