"Досторумдун кучагында белгилейм". Ырчы Жоодарбешим 32 жашка толду

Бүгүн, 16-апрелде ырчы Жоодарбешим 32 жашка толду. Ырчы менен байланышып куттуктаганыбызда ал төмөнкүлөрдү белгиледи.

"Эң биринчилерден болуп келинчегим саат 12ден өткөндөн кийин куттуктады. Андан кийин туугандарым, досторум куттуктап жатышат. Негизи мен туулган күн сыяктуу майрамдарга өтө маани бербейм. Бирок досторум чакырышты. Алардын кучагында белгилейм. Андан соң үй-бүлөбүз менен чогулабыз", - деди ырчы.

Жоодарбешим 1990-жылдын 16-апрелинде Токтогул районунун Чоң-Арык айылында туулган. Окууну бүткөн соң Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Ушул окуу жайда окуп жүргөндө ар кандай студенттик концерттерде ырдап жүргөн. Ырчынын эң алгачкы чоң сахнага болгон кадамы 2008-жылы Жамил Карабалаевдин жеке концертинде болгон. Репертуарындагы "Жан тумарым", "Өкүнбө", "Эрке кыз" аттуу ырлары менен таанылган.

Жоодарбешим "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер дебюту” деп табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан