Лейлекте турак жай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылындагы турак үйдө өрт чыккан. Бул тууралуу өрт өчүрүүчүлөргө саат 02:58де маалымат түшкөн.
Ал жерге өрт өчүрүүчү 1 бөлүм тартылып, саат 03:36да чектөөгө алынган.
Ал эми саат 03:41де толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоодон бөлмө ичиндеги 1 даана шкаф, килем, бешик, терезе, 14 даана жаздык, тигүүчү кол машина, күзгү, палас жана кийим-кече күйүп кеткен.
Адамдар жабыр тарткан эмес.