"Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Криштиану Роналду "Норвич" клубуна каршы оюнда хет-трик жасаганы үчүн бонус катары 1 миллион евродон ашык каражат алат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Англия Премьер-Лигасынын 33-турдук оюнунда "Манчестер Юнайтед" "Норвичти" 3:2 эсебинде утуп алды. "Манчестер Юнайтедден" үч голду тең Роналду киргизип, карьерасындагы 60-хет-тригин жасады.
Португалиялык футболчу бул сезондо бардык мелдештерде 21 гол киргизип, "Манчестер Юнайтед" менен түзүлгөн келишиминдеги бонустук пунктка жетти. "Норвич" менен болгон беттештин жыйынтыгында Роналду 20 голго жеткени үчүн 750 миң фунт (906 миң евро) жана хет-трик жасаганы үчүн 100 миң фунт (120 миң евро) алган.
Бонустук пунктка жеткенден кийин эми Криштиану Роналду ар бир голу үчүн 100 миң евродон алып турат.