Ош мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнүн студенттери тарабынан “Айтматов ааламы” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Аталган иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналып, бир жума бою көрүүчүлөр назарында болмокчу. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн башчысы Нуржамал Мапаева билдирет.