"Вест Хэм" футболдук клубунун жарым коргоочусу Никола Влашич Англия Премьер-Лигасынын 33-турдук оюнунда "Бёрнли" клубунун жарым коргоочусу Эшли Вествудга каршы оюн эрежесин бузуп, атаандашына катуу жаракат алып келди.
Оюндун 23-мүнөтүндө хорватиялык футболчу атаандашын жарадар кылды. Топко болгон күрөштө "Бёрнли" клубунун футболчусунун буту катуу кайрылып кетти. Мындан улам беттеш 7 мүнөткө үзгүлтүккө учурады. Окуядан кийин Влашич ыйлап жиберди.
Жыйынтыгында Вествудду талаадан көтөрүп чыгышып, анын ордуна башка оюнчу кошулду.
Никола Влашич 2021-жылдын августунан бери "Вест Хэмде" ойнойт. Футболчунун клуб менен келишими 2026-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн. Хорватиялык жарым коргоочу бул сезондо Премьер-Лигада 17 оюнга катышып, бир гол киргизген.