Баткенде унаа уурдоого шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды

Баткенде 27 жаштагы жаран унаа уурдоого шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан белгилешкендей, Лейлек районунун 50 жаштагы тургуну Хундай Портер унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып арызданган.
Бул арыз 211-берене (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун 27 жаштагы Р.С. аттуу тургуну Сүлүктү шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды. Ал Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында убактылуу жашап жатканы аныкталды. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан