"Non-stop" дуэтинин солисти, ырчы Чолпон Талипбек эми телеберүүдө алып баруучу болуп иштейт. Тагыраагы, ал ЭлТР мамлекеттик телеканалына ишке орношту. Бул туурасында өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Жаңылыктар бөлүмүнүн алып баруучусу болуп иштеп баштадым, штатка кирдим. Эфирге күн сайын эртең менен чыгам. 15-16 жашымда жаңылыктар берүүсүн алып барсам сонун болмок деп кыялданчумун. Кийин ырчылыкка берилип кетип аны унутуп калыптырмын. Бир нече ай мурда Тик-Токто "суфлёрдон оку" деген видеолор чыгып, мен да өзүмдү ошол видео аркылуу сынап көргөм. Интернет колдонуучулардын көбү "сизге жарашат экен, диктор болуп көрбөйсүзбү" деген пикирлерин калтырышты. Эми убакыт келген окшойт деп ойлоп койдум, окуумду аяктагам, бош убактым да бар. Буюрса, алып баруучулук кесипти аркалап кеткенге аракет жасайм", - дейт ырчы.