Бишкектеги Кайсын Кулиев көчөсүндө эркек адамды ур-токмокко алган деген шек менен 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 17-апрель күнү саат 02:59да Улуттук госпиталда денесинен жаракат алган эркек адам жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.
"Милициянын ыкчам тобу чакыруу болгон жерге барган. Алдын ала маалыматтар боюнча ошол эле күнү саат 00:30дар чамасында Кулиев-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз аял оозеки чыр-чатактан кийин алкоголдук ичимдиктерди ичип алган 1983-жылы туулган А.Э.нын денесине жаракат келтиргени аныкталган. Бирок сабалган жаран бул боюнча милицияга арыз жазуудан баш тартып, эч кандай дооматы жок экенин билдирди", - деп билдиришти райондук милициядан.
Ошол эле күнү милицияга 2004-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз мас абалда жеткирилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.