ЭЛДИК КАБАР: Окурман Кыргызстандагы абалы эң жаман жолду атады

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.

Окурман өлкөнүн көпчүлүк аймактарын кыдырып чыкканын айтып, абалы эң начар жолду Бишкектен көргөнүнө таң калганын билдирди.

"Мен Кыргызстандын көп жерин, көп айылдарын кыдырып көрүп келгем. Кыргызстанда эң кыска жана эң жаман жол бул Бишкектеги айланма жолдон "Дордой Кербен" базарына кирген жол экен. Бул жолдо бир күндө миңдеген унаа кирип чыгат. Бирок жолдун абалын көрсөң таң каласың. Жарым метрдей чуңкурлар бар. Кыргызстан боюнча эң жаман жол ушул жол деп билсек болот", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан