Абитуриентке ЭКИ сөз. "Акчага кызыкпай арканды узун таштагыла". Ашпозчу менен маек

Окуу жылынын аякташына саналуу гана күндөр калды. Учурда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн алдында кесип тандоо маселеси турат. Кээ бир окуучулар “Кайсы кесипти тандайм? Кайсы окуу жайга тапшырам? Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?” деген өңдүү суроолорго кептелип, кандай адистикке тапшырарын чече албай ара жолдо турган чагы. Андыктан окуучуларга келечектүү кесип тандоо үчүн багыт берүү максатында мындан ары өз ишинин мыктысы болгон ар кесиптин ээлери менен маектешип турабыз.

Абитуриентке ЭКИ сөз рубрикабызда ашпозчу Акниет Аманатов кесибинин күнгөй-тескей тараптарын айтып берди.

Аты-жөнүм Акниет Аманатов. 2013-2014-жылы 91-кесиптик лицейин окуп бүтүргөм. Кесибим ашпозчу-кондитер. 8 жылдан бери бул багытта иштейм. Учурда “Той Сервис” торчосунун VAVILON ресторанында башкы ашпозчу болуп эмгектенем. Ал эми эмгек жолумду ресторандардын биринде жардамчы болуп баштагам.

Бул адистикте иштөө үчүн кызыгуу жана идея керек...

Негизи көп нерсе устаттан көз каранды. Анан, албетте, кызыгуу керек. Мисалы, лицейде окуп жүргөндө бир группада 23 студент окучубуз. Учурда өз кесиби менен болгону үчөөбүз гана иштеп жатабыз. Ал эми калгандары башка кесипти аркалап кетишкен. Айта кетчү жагдай, бул адистикке көпчүлүгү “курсагың ток болот” деп эле тапшыра беришет. Анткен менен кызыгууң жок болсо, бул кесипти андан ары улантып кете албайсың.

Кесибиңиздин күнгөй-тескей жактарын айтып берсеңиз?

Курсагың ток болот (күлүп). Бирок айрым учурда ачка да калып калган күндөрүң болот. Мындан тышкары жумушчуларды ынандырган жагдайлар: жогорку айлык, карьералык өсүү жана чет өлкөгө чыгып иштеп келүү мүмкүнчүлүгү. Башкысы элдин батасын алып, курсагын тойгузуп, ыраазы кылып кетиребиз. Бул дагы өзүнчө бир сооп иш деп ойлойм.
Ар нерсенин ак-карасы, оң-тетириси болгон сыңары, бул кесиптин оорчулугу да бар. Эртеден кечке чейин тикеңден-тик туруп иштейсиң. Мындан улам варикоз пайда болот. Ысык болот, оор нерселерди көтөрөсүң. Дегеним, ден соолукка бир топ эле залакасын тийгизет. Анын үстүнө бизде бардык шарттар түзүлгөн эмес. Ал эми чет жакта тескерисинче. Бирок анысына карабай эле иштеп келе жатабыз. Бул өз ишибизди жакшы көргөндүктөн деп ойлойм.

Ашпозчуларды көрүнбөгөн фронттун баатырлары деп коюшат. Элдер залда беймарал тамактанып жатканда, ашканада эмне болуп жатканын бир гана ашпозчулар билет.

Сиздин тандаган кесип менен канча өлчөмдө каражат тапса болот?

Ашпозчунун айлык акысы жакшы деп айта алам. Алды 3000-4000 долларга чейин тапса болот.

Акчага кызыкпай арканды узун таштагыла...

Азыр окуу жайлардын келишимдик баасы да өсүп кетиптир. Андыктан ошончо акчаны төлөгөндөн кийин жакшы билим алгыла. Окууну аяктагандан кийин акчасына кызыкпай, жакшы кафе, ресторандарга орношуп, тажрыйба топтогула. Башкысы күчтүү башкы ашпозчуга барганыңар оң.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан