Ишке орноштурам деген. Бишкекте чет элдик жарандан алдамчылык менен акча алганга шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, милицияга М.А. аттуу пакистандык жаран арыз менен кайрылган. Анда У. аттуу адам ишенимине кирип, жумушка орноштурууну убадалап 800 доллар өлчөмүндө акча каражатын алып, сөзүнө турбай изин жашырып кеткенин жазган. Ошондой эле ага карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине "алдамчылык" менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2000-жылы туулган У.Х. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жогорудагы жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0 701 02-83-26, 0 777 87-44-11, 0 701 99-99-14, 0 551 102-347 же Свердлов РИИБинин нөмөөт бөлүмүнө: 0 312 43-28-15 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан