Темирлан Сманбеков Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков Касымалы Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Ал эми Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору Курсант Абдрахманов которуу жолу менен Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кол койду. Жаңы дайындалган жетекчилерди эмгек жамаатка министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан