Бүгүн, 19-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу саат 09:30да старт алды.
Азия чемпиондугуна 63 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков алгачкы жүрүшүн чейрек финалда баштап, анда индиялык балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүк 6:4 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктаган. Экинчи бөлүк башталары менен кыргыз балбаны атаандашынын далысын жерге басып, жеңишке жетти.
Муну менен Тынар Шаршенбеков Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты.