Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугуна 63 килограмм салмакта катышып жаткан Тынар Шаршенбеков финалга чыкты.
Жарым финалда Тынар Шаршенбеков өзбекстандык Исломжон Бахромов менен кез келип, 13:7 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Муну менен Тынар Шаршенбеков Азия чемпиондугунун финалына чыкты.