Акжол Махмудов финалда 31 жаштагы казакстандык балбан менен кез келет. Ал ким?

Бүгүн, 19-апрелде Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алып, анда 77 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов Олимпиада чемпионун жеңип, финалга чыкты.

Финалда кыргыз балбаны 31 жаштагы казакстандык Максат Ережепов менен кез келет.

Максат Ережепов 1990-жылы 23-апрелде Казакстандын Костанай облусунда төрөлгөн. Ал күрөш менен 10 жашынан баштап алектенип келет. Ережепов Казакстандын эл аралык класстагы спорт чебери, төрт жолку өлкө чемпиону.

Азия чемпиондугунда 3 жолу коло байге уткан ("Куми-2012"), ("Нью-Дели-2013"), ("Бишкек-2018"). Ошондой эле 2014-жылы ошол кездеги Астана шаарында өткөн Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болсо, 2017-жылы Нью-Делиде өткөн Азия чемпиондугунда алтын байгеге ээ болгон.

Башка көзгө көрүнүктүү деле ийгиликтерге жеткен эмес. Себеби Казакстандан бул салмак категорияда көпчүлүк турнирлерге Демеу Жадраев жолдомолорду алып кетчү.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан