Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун карагайларды мыйзамсыз кыйганы аныкталды

Ысык-Көл облусунда карагайларды мыйзамсыз кыюу фактысы катталды. Облустук ички иштер башкармалыгынан белгилешкендей, Кайырма-Арык айылынын тургунунун үйүнөн кыйылган карагайлар табылган.

Башкармалыктан белгилешкендей, 18-апрелде Ак-Суу РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине кыйылган карагайлар боюнча маалымат келип түшкөн.

"Маалыматты текшерүү туристтик-экологиялык милициясына өткөрүлүп, Кайырма-Арык айылынын тургунунун үйүнүн короосунан мыйзамсыз кыйылган 5 коло 5 метрлик карагайлар табылган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан