УКМК: "Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду"

Кыргызстандан баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде Оштогу аэропортто чынжыр формасындагы сары металлды алып өтүү аракетине бөгөт коюлган. Анда Ош-Бишкек багыты боюнча учууга аракет кылып, бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда М.Л.К., М.Т.Т., Н.Н.К. жана М.Н.К. аттуу Өзбекстандын жарандарынан сары металлдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган кол чынжырчалардын салмагы 1925,22 граммды түзөт.
Бул адамдар Өзбекстандан Кыргыз Республикасынын аймагына “Достук” өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп, алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүшкөн.

Азыркы учурда жогоруда аталган адамдар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле сотко чейинки тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан