Журналисттердин сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын курстар уюштурулат

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен мониторинг учурунда кемчиликтер аныкталганын, аларды жоюу жолдору талкууланганын кабарлашты.
Мониторингге жалпысынан мамлекеттик жана менчик 49 маалымат каражаты, анын ичинде 36 телеканал, 9 радио жана 4 гезит тартылган. Ар бир ЖМКнын 2021-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларындагы бир апталык иши (берүүлөрү, уктуруулары, продукциялары) талдоого алынган. Анын жыйынтыгы боюнча аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча атайын көзөмөл жүргүзүлүп, журналисттердин сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын курстарды уюштуруу маселелери каралды.
Жыйынга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, ЖМКнын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын демилгесине ылайык 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына "Жалпыга маалымдоо каражаттарынын берүүлөрүндө, уктурууларында, продукцияларында жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы" боюнча мониторинг жүргүзүү милдети киргизилип, ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан