Чүйдө 9 жыл мурда жер тилкесин сатам деп алдамчылык кылганга шектүү кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, алдоо фактысы 9 жыл мурда катталган.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 5-апрелинде 59 жаштагы жергиликтүү тургун милицияга кайрылган. Ал 2013-жылы бейтааныш аял жер тилкесин сатам деп алдоо жолу менен ишенимине кирип, 4000 доллар акча алып, бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен акчасын да, жерин да бербей жатканын айткан.

Бул факты 209-беренеде (алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча каттоого алынган.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.А. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кармалган жарандын дагы ушул сыяктуу 3 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, сотко чейинки териштирүү иши уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан