Саргашка каймана аты менен белгилүү болгон төкмө, Эл акыны Амантай Кутманалиев 53 жашка толду

Саргашка каймана аты менен белгилүү болгон заманыбыздын залкар төкмө акыны, Кыргыз Эл акыны Амантай Кутманалиев бүгүн 53 жашка толду.
Төкмө акын 1969-жылы 20-апрелде Талас облусуна караштуу Талды-Булак айылында төрөлгөн.
Төкмөлүк улуу жолго 1987-жылы кадам таштаган. Ал учурда улутубуздун улуу өнөрүнө талпынган жаш өспүрүмдөр жок катары болгондуктан, улуу устаттары Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаев бүт Кыргызстанды түрө кыдырып акынчылыкка шыктуу өспүрүмдөрдү издеп жүрүшүп, арада Амантай Кутманалиевди жолуктурушуп шаарга алып келишкен.
Бул окуя ошол кезде "акындыктын аягы Замирбек Үсөнбаев менен бүтөт окшойт" деп калган коомчулук үчүн күтүлбөгөн окуя, азыркыча айтканда ошол мезгилдин сенсациясы болгон.
Жаш төкмөлөр өтө зарыл болгондуктан эч диплом, документсиз эле Кыргыз улуттук филармониясына түз артист-акын-импровизаторлук штатка кабыл алынган.
Амантай Кутманалиев 1989-жылы айтышка катышып, 1-орунга татып Калык Акиев медалы менен сыйланган.
35 жылдан бери баш аягы 40тан ашык айтыш сынактарга катышып 7 жолу баш байгенин ээси болгон. Анын ичинде 9 жолу биринчи, 6 жолу экинчи, 5 жолу үчүнчү орундарга жетишип, башка да байгелерге арзыган.
2004-жылы "Саргашканын санаты" аттуу дастан, айтыш, эскерүү китеби окурмандардын калың катмарына тараган.
Акындын таасирдүү жана терең философиялык маанини камтыган ыр саптарынан:
"Манасчы чыккан кыргыздан,
Жамакчы кантип чыкпасын"
***
"Аз жолугат акында,
Агабыз айткан саптардай .
Ала-күү болуп Ашыкем,
Карагул менен Акмөөрдү,
Аралаштырып айткандай"
***
"Айтышмак түгүл сен менен,
Сүйлөшкөндөн кыйналам"
Наамдары:
2016-жылы Кыргзы Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны;

20-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан