Азия чемпиондугу: Роман Ким эч бир балбанды жеңбестен коло байге утту

Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Роман Ким коло байгеге ээ болду.

Азия чемпиондугуна 130 килограмм салмакта катышкан Роман Ким алгачкы жүрүшүн чейрек финалда баштап, анда казакстандык Алимхан Сыздыков аттуу балбан менен кез келип, 12:3 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип калган.

Казакстандык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Роман Ким коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алышкан. Коло байге үчүн ал япониялык балбан менен күрөшмөк. Бирок жаракат алып калгандыктан килемге чыккан жок.

Муну менен Роман Ким Азия чемпиондугунда коло байге утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан