Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугуна 67 килограмм салмакта катышкан Элдияр Сатаров алгачкы жүрүшүндө япониялык балбанга жеңилип калды.
Биринчи бөлүктө Элдияр Сатаров атаандашын килемден түртүп чыгарып, 1 упай алды. Андан кийин кайра эле партерге коюлду. Партерден япониялык балбан упай ала алган жок. Андан кийин кыргыз балбаны ыкма жасайм деп өзү жыгылып, атаандашка 4 упай алдырып жиберди. Буга нааразы болгон кыргыз машыктыруучулары челленж баскычын басты.
Калыстар кайра кароодон кийин атаандашка дагы бир упай кошуп беришти.
Экинчи бөлүктө балбандар бир дагы упай ала алышкан жок. Жыйынтыгында Элдияр Сатаров 6:1 эсебинде жеңилип калды.
Эми кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшөт.