Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты .
Жарым финалдык беттеште Жоламан казакстандык Ернар Фидахметов менен кез келди.
Кыргыз балбаны биринчи бөлүк аяктап калганда атаандашын көтөрүп чаап, далысын жерге баскан. Бирок, убакыт аяктап калды.
Экинчи бөлүктө Жоламан Шаршенбеков атаандашынын аркасына өтүп, дагы 2 упай алды. Буга нааразы болгон казакстандык машыктыруучу челленж баскычын басты. Кайра кароодон кийин калыстар казакстандык балбанга бир упай беришти.
Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков 6:1 эсебинде жеңишке жетип, 60 килограмм салмакта финалга чыкты.