Тажикстанга өсүмдүк майын мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун Эски-Оочу айылында чек арачылар 3 тонна өсүмдүк майын мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылып жаткан 1979-жылы туулган А.И. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны кармашкан.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.