Ош технологиялык университетинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган кароо-сынак болуп өттү

Кечээ, 26-ноябрда Ош технологиялык университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата окуу жайдын факультеттер арасында “Алп ааламы Чыңгыз Айтматов” аттуу кароо-сынак болуп өттү. Аталган иш-чара окуу жайдын мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жетекчилиги жана студенттер катышышты. Сынакта факультеттердеги окутуучулардан жана студенттерден куралган  8 команда өнөрлөрүн тартуулашты. Жобого ылайык, сынакта командалар тарабынан даярдалган жазуучунун чыгармалары тууралуу дубал гезиттери илинип, сахналаштырылган көрүнүштөр, көркөм окуу жана обондуу ырлар жаңырды. Жыйынтыгында 1-орунга технология жана жаратылышты пайдалануу факультети дипломго жана 5000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ал эми 2-орунду инженердик курулуш факультети ээлеп, диплом жана 3000 сом акча менен сыйланды. 3-орун энергетика факультетине буйруп, алар диплом жана 1500 сом алып кетишти. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан