Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 абакка белгисиз затты ыргытууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-апрелде саат 23:15 чамасында №1 күзөтүү мекемесине сырттан белгисиз эки баштыкты ыргытууга шектелип 2001-жылы туулган Ж.у.Б аттуу жаран кармалган.
Табылган кара түстөгү баштыктардын ичинен скотч менен оролгон жалпы салмагы 513 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат табылган.
Окуя боюнча тийиштүү органдар иш алып барышууда.