Быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 3 миңге чукул орун бөлүндү

Сауд Араб Падышалыгынын (САП) ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөр башталат. Ажылык сапарынын төлөмдөрү 5 күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт.

САПтын ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;

2. COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;

3. САПтын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.

Эскертүү: Ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлердин тизмеси Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын https://test.okmot.kg/hadj_2021/view/public/talapker.xhtml шилтемеси аркылуу жана катталган аймагындагы операторлор аркылуу биле алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан