Ысык-Көлдө экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан балыктарды мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Чоң-Өрүктү айылында көлдүн жээгинде балыкты мыйзамсыз уулап жаткан адам кармалды.
Кылмышка шектүү 1983-жылы туулган А.Э. экени аныкталды.Текшерүү учурунда 11 даана сига-лудога балыктары жана синтетикалык торлор далил зат катары табылып алынган.
Бул факты боюнча 310-беренеге (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) ылайык тергөө кызматы иш алып барууда.