Батирди ижарага алып кайра башкага ижарага берген. Бишкекте чет элдик жаранды алдаганга шектүү кармалды

Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды.

Билдирүүдө жазылгандай, милицияга 19-мартта С.Х. аттуу пакистандык жаран У.А. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Анда шектүү алгач күнүмдүк батирди ижарага алып, андан соң арыз ээсине 200 долларга ижарага берип, изин жашырып кеткенин айткан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине "алдамчылык" менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2001-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан