19-апрель күнү Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын орун басары К.А.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аталган жаран опузалап пара талап кылууга шектелип кармалган. Буга чейин С.Г. аттуу жаран УКМКга кайрылып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом талап кылган Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчилеринин бирине чара көрүүнү суранган.
"2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу менен С.Г. аттуу жаранга Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Жабырлануучу тарап С.Г.га эч кандай дооматы жок деген каршы билдирүүсүнө карабастан, тергөө кызматынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылган", - деп жазылат билдирүүдө.
19-апрель күнү саат Сокулукта 20 миң сом пара алып жаткан жеринен милициянын лейтенанты К.А.М. кармалган.
Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.