Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасы медалдык эсепте үчүнчү орунга жайгашты.
Грек-рим күрөшүндө кыргыз балбандары жалпы 3 алтын жана 3 коло байге утту. Муну менен кыргыз балбандары жалпы 148 упай топтоп, үчүнчү орунга жайгашты.
Биринчи орунга 190 упайы менен Казакстан жайгашса, экинчиге 176 упайы менен Иран курамасы жайгашты.