Каракол шаарынын тургуну сарайында баңгизатын даярдап жүргөнү аныкталды

Ысык-Көлдө Каракол шаарынын тургуну баңгизатын мыйзамсыз даярдоого шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, март айында жергиликтүү тургундардын бири үйүндө баңгизатын сактап жүргөнү белгилүү болгон.

Бул боюнча 183-берене (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө баңгизаттарды сактап жүргөн жаран Каракол шаарынын 49 жаштагы тургуну Э.Р. экени аныкталды. Анын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлүп, сарайынан жалпы салмагы 25 килограммдан ашык жапайы кендирдин жыты бар кургатылган өсүмдүк жана желим идишке куюлган суюктук табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, салмагы 187 граммды түзгөн кургак өсүмдүк - марихуана экени, ал эми алынган суюктук каннабис экстракты экени аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда", - дешет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан