"Суктандырат". Дүйнөлүк күрөш уюму Жоламан Шаршенбековдун укмуштуудай сальтосунун сүрөтү менен бөлүштү

Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековдун Азия чемпиону болгондон кийинки укмуштуудай сальтосунун сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттешинин мыктылары", - деп жазып 10 сүрөт жүктөлдү уюмдун баракчасына.

Кечээ, 20-апрелде Жоламан Шаршенбеков карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону болду. Финалда кыргыз балбаны ирандык 23 жаштагы Мехди Мохсен Нежадди 4:0 эсебинде жеңип алган.

Жеңишинен кийин Жоламан Шаршенбеков укмуштуудай сальто жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан