Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова финалга чыкты.
Жарым финалдык беттеште Мээрим Жуманазарова монголиялык балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүктө Мээрим Жуманазарова 4 упай алып, андан кийин монголиялык балбан активдүү күрөшпөгөнү үчүн калыс кыргыз балбанына дагы бир упай берди.
Экинчи бөлүктө Мээрим Жуманазарова 2 упай алса, монголиялык балбан дагы 2 упай алды.
Жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова 7:2 эсебинде жеңишке жетип, Азия чемпиондугунун финалына чыкты.