Ош облусунун Араван районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Андан тышкары 2 адам жаракат алып ооруканага жаткырылды дешет Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан.
Маалыматка ылайык, автокырсык 16-апрелде саат 13:30 чамасында Араван районунун Ачы айылында катталган. Анда 19 жаштагы Р.М.`нын башкаруусундагы ВАЗ-2107 унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, Хонда-Степвагон менен сүзүшкөн. Хонда-Степвагон унаасы 1981-жылы туулган жарандын башкаруусунда болгон.
"Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу оор жаракат алып, Араван райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон. Ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан 2003-жылы туулган Т.А. денесинен жаракат алып, Араван райондук ооруканасына жаткырылган. Андан тышкары Хонда-Степвагон унаасындагы 3 жаштагы Я.А. аттуу бала жаракат алып, ооруканага жаткырылды.
Бул кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.