Биз социалдык тармакта

Бишкекте дүкөндүн ичинен эки телефонду уурдай качканга шектелген жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, РИИБге шаар тургуну кайрылып, 11-апрель күнү болжол менен саат 18:00дө Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлордун биринде 2 даана уюлдук телефонун уурдатканын айтып арызданган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн комплекстүү издөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1982-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан